• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутаттар Акаевге экс-президент макамын берүүнү колдойбу?

11 Аяк оона 202413:04 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев ЖКга кат жазып, экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнгөнү белгилүү болду. Ал парламентке жолдогон катында экс-президент макамынан мыйзамсыз ажыратылганын жүйө келтирген. 2005-жылдагы элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган Акаевдин кол тийбестиги 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен алынган.

Мурдагы президенттин жогорудагы өтүнүч каты тууралуу президент Садыр Жапаров да пикирин билдирип, акыркы чечим ЖК депутаттарында экенин айткан.

Бул маселе боюнча эл өкүлдөрү кандай пикирде экенин билип көрдүк:

Количество просмотров: 158