Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акимин, орун басарын жана райондун башкы дарыгерин тилдеди.
Депутат Көкүлов Тоңдогу «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасында текшерүү жүргүзүп, дарыкананын абалын жана жергиликтүү бийлик органдарынын аракеттерин сынга алган.
Ал дарыканада дары-дармектерди сактоо үчүн жетиштүү шарттар түзүлбөгөнүн, температураны көзөмөлдөөнүн жоктугун жана бир нече дары-дармектердин абалы начар экенин белгиледи.