21-ноябрь күнү Европа жана Африка боюнча ICF Globalдын аймактык директору Малколм Филлиес “Коучинг өзгөрүүгө жол катары” эл аралык конференциясында сөз сүйлөйт. Мындан тышкары, 22 жана 23-ноябрда бизнес-коомчулуктун, жогорку окуу жайлардын, эл аралык уюмдардын, бейөкмөт уюмдардын, HR агенттиктеринин өкүлдөрү менен жолугушуулар уюштурулат.
Иш-чаранын максаты — ар биризбиздин алдыбызда турган натыйжаларга багытталган байланыштарды жана өнөктөштүктү жакшыртуу, ар-бирибиз туш болгон көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө үзгүлтүксүз билим берүү.
Конференциянын катышуучулары профессионалдуу тастыкталган Life and Executive машыктыруучулардан (коучтардан) акысыз коуч сессия ала алышат.
21-ноябрда саат 13:30 19:00 чейин Орион мейманканасынын залында “Коучинг өзгөрүүгө жол катары” конференциясы өтөт. Иш-чаранын катышуучулары Түштүк Африка, Таиланд, Дания, Россия, Казакстан ж.б. спикерлердин көңүлдө калуучу сөздөрүн көрүшөт. Ошентип, Эл аралык машыктыруу федерациясынын аймактык директору Малколм Филлиес ишкерлер, лидерлер жана СЕО жана уюмдардын жетекчилери үчүн коучингдин ролу жөнүндө сөз кылат, ал эми ICF Азия-Тынч океан аймагындагы Регионалдык өнүктүрүү боюнча менеджери Нарарат Парк Важиранапорн ICF мүчөлүгүнүн артыкчылыктарын жөнүндө бөлүшөт. Аккредитацияланган курстардын автору жана Эл аралык машыктыруу жана насаатчылык (ментролук) мектебинин (IBCM) негиздөөчүсү Елена Селезнева “Коучинг эффективдүү коммуникация катары” деген темада сүйлөйт. Кыргыз Республикасындагы Насаатчылык жана коучинг институтунун тең негиздөөчүсү, ICF сертификаты бар машыктыруучу Ирина Кемпле “Коучинг аркылуу өзүңө карай жол” тууралуу билими менен бөлүшөт.
ICFGlobal аймактык директору Малколм Филлис-«Профессионалдык машыктыруучулук (коучинг) адамдарга өз ресурстарын ачуу жана жеке жана кесиптик өсүш үчүн туруктуу өзгөрүүлөрдү жаратуучу стратегияларды түзүү үчүн аянчасын камсыз кылат».
ICFтин Кыргызстандагы филиалынын президенти Айнура Сагынбаева жана «CAF» ЖЧКсынын негиздөөчүсү, Кыргызстандагы ICF директорлор кеңешинин мүчөсү Айнура Чолпонкулова тажрыйбалары менен бөлүшөт.
Форумдун уюштуруучулары– International Coaching Federation (ICF) Kyrgyz Republic Chapter.
Кыргызстандагы биринчи Эл аралык машыктыруу (коучинг) конференциясынын башкы демөөрчүсү — FINCA Банк!
FINCA Банк ийгиликтүү ишкерлер үчүн ишенимдүү өнөктөш!
Маалымат үчүн: 2023-жылы Кыргыз Республикасынын машыктыруучулар коомчулугу Эл аралык машыктыруу (коучинг) федерациясынын (ICF Global) курамына кирген. Бул демилгелүү топтун дээрлик бир жылдык ишинин жыйынтыгы.
«ICF Кыргыз Республикасынын бөлүмүндө ушул убакта 29 адам бар. Биз ICF Global мүчөсү болдук. Бул Кыргыз Республикасынын профессионалдык машыктыруучулукту (коучинг) калыптандыруу жана өнүктүрүүдөгү биринчи кадамы. Биз ICF Global тарабынан иштелип чыккан кесиптин баалуулуктарын, принциптерин жана стандарттарын бөлүшөбүз. Биздин миссия — Кыргызстандын жарандарынын прогрессине, бакубаттуулугуна жана жашоо сапатынын өсүшүнө салым кошуу”, — деди демилгелүү топтун мүчөсү, ICF-нин Кыргызстандагы филиалынын президенти Айнура Сагынбаева.
Биздин өлкө Борбор Азия чөлкөмүндө экинчи болуп ICF Global уюмуна кошулду. Бул дүйнөдөгү эң чоң жана эң абройлуу кесиптик уюм жана 25 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келет. ICF Global-да 80ден ашык өлкөдө 143 өкүлчүлүгү бар.