• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Эл артисти наамын алган белгилүүлөр (Тизме)

29 Бештин айы 2022 10:44 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, бир нече жаран Кыргызстандын эл артисти жана эмгек сиңирген артисти наамдары менен сыйланышты.

«Кыргызстандын эл артисти»:

Асанкадыр Советжан — Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын бөлүм башчысы;

Молдобакиров Зарылбек Алдажарбекович — К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын «Режиссура-хореография» кафедрасынын улук окутуучусу;

Полотов Нурматбек Улукмырзаевич — А. Малдыбаев атындагы В.И. Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын дирижеру;

«Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти»:

Абдувалиев Курманбек Шаанбекович — К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театрынын сахна чебери;

Жолдошева Гулмира Сапаровна — Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти;

Желденбаев Элдияр Мусаевич — Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кыргыз фольклордук тобунун артисти;

Жумалиев Болотбек Жакыпович — мультипликациалык фильмдердин сүрөтчү-коючусу, «Кыргызстан кинематографисттер союзу» коомдук бирикмесинин мүчөсү;

Жуманова Кайыргуль Максытовна — С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти;

Зейналиева Калидакан Насиралиевна — С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти;

Искеналиев Съезбек Искеналиевич — Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин «Семетей» ыр-бий ансамблинин солисти;

Карыбекова Зулпия Нажимидиновна — актриса, ырчы, алып баруучу;

Кулуев Максат Маратович — Кыргыз улуттук «Манас» театрынын акын-импровизатору;

Мейзер Зульфия Сулеймановна — Кыргызстан калкы ассамблеясынын «Достук» тобунун солисти, Коргоо министрлигинин Борбордук армия үйүнүн солисти;

Сарыбаев Азамат Бектурганович — Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын А. Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлары» кыргыз фольклордук тобунун артисти;

Үсөнов Урматбек Бейшенбекович — эстрада ырчысы;

Количество просмотров: 15324