Электрондук жол кагаздары бардык товарлар үчүн колдонулбайт. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов 23-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ЭТТН дүйнө жүзү боюнча киргизилген. ЭТТНнин максаты — бизнестин ачыктыгын жогорулатуу жана товарлардын көмүскө жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү.
«ЭТТН ойлонулбай, терең анализ кылынбай кирип калган. ЭТТНди бюджетти камсыз кылган беш кана товардын түрүнө киргизиш керек. Анткени он үч миң товарга виртуалдык складта документ толтуруш керек экен, тиш чучуктардан баштап, нефть продуктыларына чейин. А биз беш товарга гана сунуштап жатабыз, бул менин жеке пикирим, мунай заттарына, тамеки буюмдарына, алкоголдук ичимдиктер, дары-дармектер жана медициналык буюмдар үчүн гана колдонулушу керек. Калгандын барын биз ЭТТНден бошотуп алышыбыз керек. Ошондо кичи жана орто бизнеске мамлекет тарабынан камкордук болот», — деди Шыкмаматов.
Бирок бул Шыкмаматовдун өз пикири эненин баса белгиледи. Шыкмаматовдун айтымында, мамлекеттик кызыкчылыгы үчүн катту көзөмөл киргизүү деп айта бергей бизнести укканды үйрөнсөк.
«Бул жерде көмүскө сооданын тобокелдиги эң жогору. Бардык башка товарлар ЭТТНден бошотулат. Салыктык башкаруу рыноктун бардык катышуучулары үчүн ыңгайлуу, түшүнүктүү болууга тийиш. Жаңы системаларды жана чараларды иштеп чыгууда биз бизнести өнүктүрүү үчүн алда канча пайдалуу жана натыйжалуу шарттарды түзүү максатында анын пикирин активдүү эске алуу маанилүү. Акыр-аягы, биз жөн гана катуу көзөмөлгө жана жөнгө салууга умтулбастан, бизнестин муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн укканды үйрөнүшүбүз керек. Бул менин жеке пикирим, анткени саясатты Экономика министрлиги алып барат”, — деп кошумчалады Мамлекеттик салык кызматынын башчысы.
Экономика министринин орун басары Искендер Аскылов анын ведомствосу Шыкмаматовдун сунушун колдой турганын билдирди.