• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Эл артисти Реджабай Таджибаев каза болду

10 Теке 2023 9:09 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын чыгаан актёру Реджабай Таджибаев бүгүн 73 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Реджабай Таджибаев 1950-жылы Ош шаарында туулган.

Ал эмгек жолун 1972-жылдан тарта Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында драма артисти катары баштап, өмүрүнүн акырына чейин аталган театрда эмгектенди.

Өз мезгилинде таланттуу актер катары бир топ мыкты ролдорду жаратып, табият берген таланты менен кыргыз театр искусствосуна зор салым кошту.

Драма актеру катары “Кожо Насреддин” спектаклинде Кожо Насреддиндин ролун аткарып, Оштун “Кожо Насреддини” катары таанылса, И. Акрамдын «Адилет» спектаклинде кичинекей баланын, С. Абдулланын “Тахир жана Зухра” спектаклинде Кара баатырдын, К. Яшиндин “Нурхон” спектаклинде Маматтын, О. Хакимов “Бул чалдар — жаман чалдар” спектаклинде Махкамдын, Ж. Садыковдун “Айкөл Манас” спектаклинде Алманбеттин, С. Раевдин “Таажы” спектаклинде Караандын, Ж. Садыковдун “Бабур” спектаклинде Шайбанинин ролун чеберчилик менен аткарып, көптөгөн чет өлкөлүк режиссерлордун да назарына түшкөн. Орто Азияга таанымал “Муножот” спектаклинде Дербиштин ролун, Лондон шаарында У. Шекспирдин “Ричард III” спектаклинде маскарапоздун ролун аткарып, Европа театрларынын сахналарында жылдызы жанган.

Реджабай Таджибаевдин кыргыз театр искусствосу үчүн кылган эмгеги бааланып, 1990-жылы ага “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамы, 2022-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” жогорку наамы ыйгарылган.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү театр актеру, кайталангыс талант Реджабай Таджибаевдин жаркын элеси түбөлүккө эсибизде сакталат. Анын үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Количество просмотров: 103