• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Эл каттоо: Кыргызстандын калкы 6 миллион 977 миң адам болду

8 Аяк оона 2022 11:04 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда калктын саны боюнча маалымат жаңыланды. Улуттук статистика комитети 7-сентябрда билдиргендей, жазында өткөн эл каттоонун баштапкы жыйынтыгы өлкө калкы 6 миллион 977 миң адам экенин аныктады.

Өлкөнүн эл жана турак жай фондун каттоонун биринчи этабы 25-марттан 3-апрелге, алыскы тоолуу райондорду камтыган экинчи этабы 23-апрелден 2-майга чейин өткөн. Каттоонун баштапкы жыйынтыгы сентябрь-октябрь айларында, ал эми расмий жыйынтыгы бир жылдан кийин жарыяланары айтылган.

Быйылкы жылдын 1-июлундагы эсепте Кыргызстандын калкы 6 миллион 804 миң адам экени маалымдалган.

Эл каттоонун маалыматтары демографиялык статистиканын негизги булагы болуп саналат, ал 10 жылда бир жолу өткөрүлөт. Эл каттоонун жыйынтыктары боюнча өлкөнүн туруктуу элинин саны  2009-жылдагы эл каттоого салыштырмалуу 13 жылдын ичинде 1,6 млн адамга көбөйдү жана орточо жылдык өсүү темпи 2,1%ды түздү.

Эл аралык сунуштамаларга ылайык, эл каттоонун ортосундагы мезгил ичинде, элдин санын эсептөө үчүн элди акыркы жолку каттоонун маалыматтар базасы жана демографиялык абалдарды (өлкөнүн аймактары боюнча төрөлүү, өлүм, келгендердин жана чыгып кеткендердин) учурдагы санын эсепке алуу маалыматтары колдонулат, алар жарандык абалдын актыларынын жазууларын жана элдин миграциясын эсепке алуу менен каттоо системасы аркылуу ай сайын берилип турат.

Количество просмотров: 118