• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Быйыл Кыргызстанда эл каттоо жүрөт

4 Жалган куран 202013:04 Бишкек Govori.TV

Быйыл Кыргызстанда эл каттоо жүрөт. Анын негизги максаты калктын так санын билүү экенин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Кошой Исалиев Бишкектеги маалымат жыйында айтты.

Журналисттер эл каттоо учурунда жарандар жашаган жерин туура эмес айтса кандай таасир боло турганын сурашты.

Ага жооп узаткан Исалиев: «Респондент жашаган жери тууралуу чын маалымат айтпаса дагы, жарандардын саны өзгөрбөйт. Методология боюнча биз респонденттин документтерин талап кыла албайбыз», — деди.

Кыргызстанда калкты каттоо иштери 2020-жылы 23-марттан 1-апрелге чейин жүргүзүлөт. Ал эми алыскы аймактарда бул иштер 20-апрелден 29-апрелге чейин жүрөт.

Калкты каттоо толугу менен электрондук форматта мобилдик тиркеменин жардамы менен өткөрүлө турганын айткан. Ошондой эле Дүйнөлүк банк тарабынан иштелип чыккан «Survey Solutions» программасы колдонулат.

Количество просмотров: 86