«Эл үмүтү» стипендиясын албай калгандар президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Талапкерлердин бири Сүйүмкан Уланбек кайрылууну өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады.
Анын айтымында, сынактын финалдык турунда айрым мүчүлүштүктөр болгон.
«Эң башкы биздин нааразылык — бул бардык эрежелер каралбай туруп чечим чыгарылганы. Негизи, «Эл Үмүтү» стипендиясынын сынагына катышкан адам дүйнөдөгү эң мыкты 100 университеттин бирине өткөн болушу керек. Бул жобо каралган жок, стипендиянын жеңүүчүлөрүнүн арасында топ-100 окуу жайларга катталбаган студенттер да бар. Бардык талаптарга жооп бергенибизге карабай, бизге стипендия берилген жок», — деди Сүйүмкан Уланбек.
Эске салсак, Билим берүү жана илим министрлиги 3-августта «Эл үмүтү» стипендиясына 17 талапкердин 13ү тандалып алынганын маалымдаган.