• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Элчи кыргызстандыктарды Украинадан убактылуу чыгып кетүүгө чакырды

23 Баш оона 2022 15:57 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Фейсбук баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды Украинадан убактылуу чыгып кетүүгө чакырды.

“Украина бийлигинин сунуштарына байланыштуу Киев шаарынын борборуна, эл көп чогулган жерлерге баруудан, ошондой эле Украинанын башка аскердик жана административдик мекемелеринин жанында болбооңуздарды суранабыз. Украинанын аймагына келүүнү пландап жаткан мекендештерге сапарын убактылуу токтотуп турууга, ал эми бул жактагы тургундарды кырдаал толук турукташканга чейин өлкөдөн убактылуу чыгып кетүүгө чакырам”, — деп жазган элчи Кадыркулов.

Количество просмотров: 969