• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Элчи Руслан Казакбаевге кошумча кызмат жүктөлдү

29 Үчтүн айы 202517:30 Бишкек Govori.TV

Руслан Казакбаев Кыргызстандын Албаниядагы, Түндүк Македониядагы жана Черногориядагы Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы жана Израиль Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Казакбаев Руслан Айтбаевич Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Албания Республикасындагы, Түндүк Македония Республикасындагы жана Черногориядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Количество просмотров: 443