• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Элчи Украинада «жардам беребиз» деп акча чогулткан шылуундар тууралуу эскертти

7 Жалган куран 2022 17:59 Бишкек Govori.TV

Украинада кырдаалдан пайдаланып, кыргызстандыктарга «жардам беребиз» деген шылтоо менен акча чогулткан, алдамчылык менен алектенген «шылуундар» пайда болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Кадыркуловдун айтымында, «айрымдар жеңил акча табуу максатында» акча чогултууга аракет кылса, кээ бир мекендештер «жок акциялар тууралуу фейк маалымат таратып», элчиликтин ишин татаалдаштырууда.

“Кызматкерлер кызматтык татаал шарттарда, күнү-түнү жана дем алышсыз иштеп жатышат. Муну менен катар өлкөдө аскердик абалга байланыштуу коомдук транспорттун жана куйүүчү-майлоочу майдын жетишсиздиги байкалууда, айрым аймактарда насыя-каржы мекемелери иштебей турат. Ушудай шартта элчиликтин кызматкерлери коюлган тапшырмаларды тез арада чечүү максатында айрым учурларда өздөрүнүн өмүрүн тобокелдикке салышып, каржылык маселелерди жеке эсебинен чечишип, стандарттуу эмес ыкмаларга барышууда. Бирок, “айрым ишмерлер” абалдан пайдаланып, жардам үчүн акча каражатын чогултууну уюштуруп, “жеңил акча” табуунун айласын кылып жатканы боюнча фактылар бар. Буга байланыштуу, расмий түрдө эскертип коеюн, жеке адамдардын жалданма ниети биз тараптан кылдаттык менен көзөмөлдөнүп турат жана ошентсе да мыйзамды бузгандар ага толук жооп беришет!»,-деп жазган ал.

Количество просмотров: 337