• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Элчи: Украинадан эвакуацияланган кыргызстандыктар Венгрияга жетти

1 Жалган куран 2022 16:49 Бишкек Govori.TV

Киевден эвакуацияланган кыргызстандыктар Венгрияга жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, 1-мартта Украина убактысы боюнча саат 11:00дө Киевден чыгып кеткен КРнын 112 жаран (анын ичинде элчиликтин 2 кызматкери) автобус менен украин-венгрия чек арасына аман-эсен жетип, өтө башташты.

«Ошондой эле чек арада айрым жарандар Украинада жүрүү шарттарын бузушкан (90 күндөн ашык каттоосуз жүрүү), бул кошумча кыйынчылыкты жаратты. Мындай маселелерди дагы элчиликтин кызматкери жеринде ыкчам чечип жатат. Белгилей кетсек, автобустун айдоочусу жана аны коштоп жүргөн адамдар коопсуз жана тынымсыз каттамдар тууралуу маалымат алып турушкан, бул биздин автобустарды тез арада көздөгөн жерине жеткирүүнүн натыйжасы болгон. Мындан тышкары, бул колонна менен кеткен дагы 3 жаран жолдон каттамды өзгөртүүнү кааларын билдирип, Польшага өз алдынча кирип кетишкен», — деп жазды ал.

Количество просмотров: 107