• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Элчилик Москванын абактарындагы аялдардан кабар алды

26 Кулжа 20239:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москвадагы башкы башкармалыгынын Чет элдик жарандарды убактылуу кармоо боюнча борборунун жетекчиси Лагода А.В. менен жолугушту.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Убактылуу кармоочу жайда кармалып турган 25 кыргызстандык аял менен жолугушуу өткөрүлдү, алар абактагы шарттары боюнча даттануулары жок экенин айтышкан. Аларга тийиштүү юридикалык кеңештер берилди.

27-июнда аталган борбордогу башка кыргызстандыктар менен жолугушуулар ишке ашырылат. Министрликтин маалыматына караганда, учурда Москвадагы убактылуу кармоочу жайында Кыргызстандын 130 жараны бар.

Количество просмотров: 74