• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Элчилик Тажикстандын абактарындагы кыргыз жарандарынан кабар алды

10 Бугу 2022 15:40 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги бул өлкөнүн абактарында отурган кыргызстандык жарандардан кабар алганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 6-7-май күндөрү элчиликтин кызматкерлери Дүйшөмбү, Вахдат шаарларындагы жана Явон районундагы абактарда отурган төрт кыргызстандык менен жолугуп, алардын укугун коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле тажик тараптын жардамы менен аларга Кыргызстандагы жакындары менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берилди.

Количество просмотров: 87