• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Элдик курултай: Жооптуу катчы шайланды

25 Жетинин айы 2022 11:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайдын жооптуу катчысы болуп, Чүй облусунан делегат болуп келген 39 жаштагы Саламат Кубандыков шайланды.

Залда отурган 1072 делегат анын талапкерлигин бир добуштан колдоду.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен бүгүн Элдик Курултай ишин баштады.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилерин кошкондо 1400 киши катышууда.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча Биринчи Элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Количество просмотров: 383