• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаров “Элдик курултай жөнүндө” мыйзамга кол койду

25 Теке 2023 9:21 Бишкек Govori.TV

 Президент Садыр Жапаров «Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду.

Конституциялык мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Ал КР Конституциясынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Анда Элдик Курултайдын укуктук статусу, анын иш принциптери, Элдик Курултайга делегаттардын шайлануу тартиби аныкталган.

Ошону менен бирге конституциялык мыйзам Элдик Курултайды өткөрүүнү уюштуруу менен байланышкан маселелерди жөнгө салат:
• Элдик Курултайды өткөрүү мезгилине шайлануучу делегаттардын сандык курамы аныкталган;
• делегаттарга талаптар, делегаттарды шайлоонун принциптери белгиленген;
• Элдик Курултайда каралуучу маселелер, ыйгарым укуктары, башкаруу органдары, ошондой эле Элдик Курултайдын мыйзам чыгаруу демилгеси укугун ишке ашыруу тартиби аныкталган.

Количество просмотров: 121