Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мамлекеттик масштабдагы биринчи Элдик курултай ишин улантууда.
Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышууда.
Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи Элдик курултайдын резолюциясы кабыл алынат.
Эскерте кетсек, иш-чара 25-ноябрда башталган.
Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан миңден ашык делегат, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган мигранттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрү катышты.