• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Элдик курултайга кайсы чиновниктер келди? (Комментарийсиз)

25 Жетинин айы 2022 14:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага Кыргызстан боюнча 1072 делегат катышууда.

Биринчи Элдик курултайды 80 жаштагы экс-депутат Кемелбек Аширалиев ачты.

Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилерин кошкондо 1400 киши катышууда. Келген аткаминерлердин арасында өлкөнүн 1993-1998-жылдардагы премьер-министри Апас Жумагулов, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бар.

Курултай эки күнгө созулат.

Количество просмотров: 932