• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Элдик партия кезексиз президенттик шайлоодо Токаевди колдоп, талапкер көрсөтпөйт

2 Аяк оона 2022 9:22 Бишкек Govori.TV

Казакстандын элдик партиясы (2020-жылы партия аталышындагы «коммунисттик» деген сөздү алып салган) күзүндө өтө турган кезексиз президенттик шайлоого талапкер көрсөтпөй турганын билдирди.

«Буга чейин билдиргенибиздей эле кезексиз президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин колдойбуз. Ошондой эле президенттин 1-сентябрдагы элге кайрылуусунда айтылган өзгөрүүлөрдү да толук колдоого алабыз», – деп жазылган партиянын бейшемби күнү жарыяланган билдирүүсүндө.

Мындан тышкары анда Казакстандын элдик партиясы 2023-жылга белгиленип жаткан парламенттик шайлоого катышууга даяр экени белгиленген.

Күн мурун парламентте сүйлөгөн Токаев күзүндө кезексиз президенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштаган. Мындан тышкары ал кийинки жылдын биринчи жарымында мажилиске жана бардык деңгээлдеги маслихаттарга шайлоо өткөрүү ниетин айткан.

Казакстандын мыйзамдарына ылайык, кезексиз президенттик шайлоо мамлекет башчынын чечими менен дайындалып, добуш берүү эки айдын ичинде өтөт.

Токаевдин ыйгарым укуктары 2024-жылы аяктайт. Ал президенттик кызматка 2019-жылы мартта Нурсултан Назарбаев отставкага кеткенден кийин келип, ошол эле жылы июнда өткөн шайлоодо жеңүүчү болгон.

Количество просмотров: 181