• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Электрэнергия кыска мөөнөткө өчүшү ыктымал

13 Үчтүн айы 2023 23:52 Бишкек Govori.TV

“Кыргыз улуттук электр тармагы” ишканасы өлкө аймагында электр кубаты менен камсыздоодо кыска мөөнөткө үзгүлтүккө учуроолор болушу ыктымал экенин эскертти.

“Электр энергиясын керектөө кескин көбөйгөндүктөн электр түйүндөрүнө жана жабдыктарга күч келүүдө, айрыкча мындай көрүнүш электр жарыгы эң көп колдонулган учурларда катталууда. Ошондуктан жабдыктарды ысып кетүүдөн коргоо жана алардын жарактан чыгып калуусуна жол бербөө үчүн кыска убакытка токтотуулар болушу мүмкүн” деп айтылды.

Ишкана керектөөчүлөргө кайрылып, электр энергиясын үнөмдөп пайдаланууга чакырды.

Количество просмотров: 105