• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

30-октябрда Бишкектин айрым конуштарында таза суу жок болот

27 Тогуздун айы 202514:00 Бишкек Govori.TV

Мэриядан маалымдашкандай, ичүүчү суу “Ак Босого-1” , “Ак Босого-2” суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтойт.

Өчүрүү районуна “Ак Босого” конушу, анын ичинде №81 орто мектеп, №13 ҮБД, №2 “Алтынай” бала бакчасы, №15 жергиликтүү милиция бөлүмү, №16 МАБ кирет.

30-октябрда саат 9.00дөн 20:00гө чейин турак үй, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо мекемелеринде, социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

“Бишкексууканал” ичүүчү сууну эрте камдап алууну суранат.

Количество просмотров: 112