• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Эмдөөдөн кийин көз жумган аял. Министрлик кандай чара көрүүдө?

23 Теке 2021 12:13 Бишкек Govori.TV

Коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасын алып каза болгон 46 жаштагы Н.И. аттуу аял боюнча эксперттик комиссия түзүлдү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн эксперттик комиссия иш алып барууда. “Алдын ала маалыматтар боюнча, эмдөөнүн терс көрүнүштөрү такталууда. Жаран 19-июль күнү саат 8:30да №1 Үй-бүлөлүк медициналык борборунан “Спутник V” вакцинасын алган. Ал эми 22-июль күнү каза болгон. Азыркы тапта соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө. Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин дагы кошумча маалымат берилет», — дейт Рахматулаев.

Количество просмотров: 1033