• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Эмдөөдөн өткөн студенттерге окуу акысын төлөөдө 10% жеңилдик берилет

5 Теке 2021 14:52 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн студенттерге 2021-2022-окуу жылындагы контракттарын төлөөдө 10% жеңилдик берилет. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку жана орто атайын билим берүү министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, азыр 18 жаштан ашкан студенттер мамлекеттик бюджеттин эсебинен коронавируска каршы өз каалоолору менен эмдөөдөн өтүп жатышат.

Өткөн аптада Өзбекстанда коронавирус жуктургандар көбөйүп жатканына байланыштуу мекеме-ишканаларга кызматкерлерин тез арада эмдөөдөн өткөртүү көрсөтмөсү берилгени кабарланган.

30-июнда Кытайдан Өзбекстанга ZF-UZ-VAC2001 деп аталган кытай-өзбек вакцинасынын дагы 1 миллион дозасы келген. Муну менен быйыл марттын аягынан бери Өзбекстанга жеткирилген ZF-UZ-VAC2001 вакцинасы 6,5 миллион дозага жеткен.

«Спутник-V» жана AstraZeneca вакциналарын кошуп эсептегенде, өлкөдө препараттардын жалпы запасы 7,4 миллион дозаны түзөт. Алардын 3,5 миллион дозасы эмдөө үчүн колдонулду.

Количество просмотров: 664