• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Эмделбеген жарандардын укугун чектөө сунушталууда

16 Теке 2021 17:38 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан парламентинин депутаты, “Миллий тикланиш” партиясынын лидери Алишер Кадыров коронавируска каршы милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүү идеасын колдоду.

Депутаттын айтымында, иш берүүчү персоналдын ырааттуу түрдө иштөөсүн камсыздоо үчүн кызматкерлеринин милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүшүн талап кылышы керек.

“Сиз эмдөөдөн өтүүгө милдеттүү эмессиз. Бирок өкмөт эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо үчүн эмдөө албагандарды чектеши зарыл”, — деп жазды депутат Telegram-каналына.

Кадыров ар бир өзбекстандык эркин жаран экенин, ошол эле маалда коом алдында жоопкерчилиги бар экенин белгиледи:

– Азыркы учурда вирусту токтотууну жалгыз жолу – бул эмдөө. Ошондуктан биз жакындарыбызды, айланабыздагы кишилерди коргоо үчүн эмдөөдөн өтүшүбүз керек.

26-июнда “Миллий тикланиш” партиясынын лидери өзбек-кытай биргелешкен ZF-UZ-VAC2001 вакцинасы менен эмделгенин билдирген.

Количество просмотров: 1219