• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Эмгек министрлиги 2024-жылдагы майрам күндөрүн бекитти

29 Баш оона 2023 15:55 Бишкек Govori.TV

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин буйругу менен 2024-жылга өндүрүштүк календарь жана жумуш убактысынын ченеми бекитилди.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2024-жылы эки күндүк дем алыш күндөр менен беш күндүк иш жумасынын иш күндөрү 250 күндү түзөт.

Анын ичинде 8 майрам алдындагы күндөр, 104 дем алыш күн, жумуш эмес майрам күнү дем алыш күнгө туш келгениен байланыштуу 4 кошумча эс алуу күндөрү — 8-январь, 8-апрель, 6-май жана 2-сентябрь.

Ай календары боюнча аныкталуучу Орозо айт жана Курман айт майрамдарын эске албаганда, 12 майрам күн.

Количество просмотров: 366