• Бейшемби 19 Бугу 2022
  • Четверг 19 Май 2022

46 жаштагы гимнаст 2024-жылдагы Олимпиадага катышуу ниетин билдирди

10 мая 2022 в 12:15 Бишкек Govori.TV

46 жаштагы өзбекстандык гимнастка Оксана Чусовитина 2024-жылы Парижде өтө турган Жайкы Олимп оюндарына катышууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу спортчу өзү Өзбекстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин өкүлдөрү менен жолукканда айтканын Uznews басылмасы кабарлады.

«Мен бул жөнүндө жакшылап ойлонуп, Азия оюндарынан кийин Париждеги Олимпиадага даярданам деген чечим кабыл алдым», — деди Чусовитина.

Ал ортодо ушул күндөрү Ташкентте өтүп жаткан Өзбекстандын спорттук гимнастика боюнча чемпионатында Чусовитина тирөөч менен секирүү программасында жеңүүчү болгону кабарланды.

Чусовитина былтыр Токиодо өткөн Олимпиададан кийин спорттук карьерасын жыйынтыктай турганын айткан. Бирок кийинчерээк Азия оюндарына даярдыктарды баштаганын билдирген.

Оксана Чусовитина Олимп оюндарына сегиз жолу катышып, Гиннестин рекорддор китебине кирген.

Количество просмотров: 107