• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Эмгек» партиясында эч ким мандатты белекке берген эмес

22 Жетинин айы 202417:01 Бишкек Govori.TV

Буга чейин социалдык тармактарда «Эмгек» партиясынын талапкерлери бири-бирине мандатты «белекке» берип жаткандыгы жөнүндө видео тараган. Бул боюнча «Эмгек» партиясы буларды билдирди.

Партия лидери Токтосун Султанов билдиргендей, чын эле ошол видеодо партиянын талапкерлери Мирланбек Абдикаримов (тизмеде № 2) жана Элнур Акылбеков (тизмеде № 23) болгон. Алардын бири мандатты белекке берүү тууралуу туура эмес айтып алган, чындыгында мандат эч кимге белекке берилген эмес. Анткени Акылбеков мандатты белекке бере албайт, себеби ал тизмеде аягында турат, ал эми Абдикаримов тизмеде экинчи тургандыгы аныкталды.

Эске салсак, 17-ноябрда жалпы өлкө боюнча жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүлдү. Ал эми «Эмгек» партиясы Кара-Сууда үчүнчү орунга чыгып, жергиликтүү кеңеште сегиз депутаттык мандатка ээ болмокчу.

Количество просмотров: 184