• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эми вокзал көчөгө көчтүбү? Эл да, таксилер да көнгөн жеринде…

25 Тогуздун айы 202414:48 Бишкек Govori.TV

Жабылган автобекеттин жанында жашаган тургундар көчөөлөрү вокзал болуп калганын айтып, нааразы. Себеби, киши салабыз деген таксисттер 3 күндөн бери алардын короолоруна чейин киришүүдө.

Таксисттер аларга бөлүнгөн жаңы жерде такыр эле шарт жок, ылай жана алыс экенин айтышты.

“Вокзал көчкөнүн билем, бирок жаңы бекетке баруу кымбат болуп жатпайбы” деген жаран жабылган бекетке такси издеп келген.

Белгилей кетсек, 23-октябрдан тарта батыш автобекети, анын ичинде «Акжол» кичи автобекети ишин толугу менен токтотуп, аны көчүрүү боюнча иш башталды.

Буга чейин батыш автобекети жана «Акжол» кичи автобекети тейлеген бардык каттамдар «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен жөнөп жатат.

Теги:
Количество просмотров: 352