Бишкек шаарынын батыш автовокзалы жабылып, Ысык-Көл, Нарын, Чүй облусунун райондоруна кетчү таксисттер Алма-Ата көчөсүндө, ал эми Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарына кетчү таксилер Кожомкул айылындагы убактылуу вокзал катары бөлүнгөн жерден кетишүүдө.
Бүгүн Govori TV мултимедиалык сайтынын кабарчылары Кожомкул айылына барып, убактылуу вокзалдан кабар алып келди.
Убактылуу вокзалда жүргүнчүлөр үчүн таптакыр шарт жок. Ал жерде кулаганы турган биодаараткана бар. Тамактанайын десең же отуруп тамактанчу жай жок экен.
Шаар мэри болсо жаңы автовокзал курулат деп билдирди. Ага чейин жүргүнчүлөр шарты жок вокзалда жүрө беришеби, айтор азырынча табышмак.