• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектеги батыш автовокзалы жабылып жатат

23 Тогуздун айы 202412:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Батыш автобекети жабылып жатат. Бул тууралуу ал жактан аймактарга каттаган таксисттер билдирди.

Алардын айтымында, бүгүн жабылат деген маалымат буга чейин айтылган эмес.

«Бир күн мурда айтса жакшы болмок. Же болбосо таңкы саат 6да жаап койсо, биз башка жакка кетмекпиз, кезек түзүлмөк эмес. Азыр биздин каякка барарыбыз белгисиз, жада калса чоңдорузубуз да билбей жатат. А булар киши салдырбай кууп жатышат. Бүгүн эле 11ден баштап жаап башташты. Эч ким эч нерсе деген жок, вице-мэр келип кайра эле кетип калды», — дейт айдоочулардын бири.

Количество просмотров: 1086