• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эмне үчүн окуучулардын күзгү каникулу кыскарды?

21 Тогуздун айы 202518:19 Бишкек Govori.TV

Агартуу министрлиги окуучулардын кыскарган күзгү каникулу боюнча түшүндүрмө маалымат таратты.

«Мектеп окуучулары үчүн окуу жылында 30 календардык күн эс алуу белгиленген. Жаңы Эмгек кодексинин кабыл алынышына байланыштуу январь жана май айларында республика боюнча жарандарга узак мөөнөттүү эс алуу каралган. Андыктан окуучулардын каникулдары аталган өзгөрүүнү эске алуу менен кыскарган. Бирок жыл ичинде балдар 30 күн эс алышат», — деп түшүндүрдү министрлик.

Буга чейин окуучулар үчүн күзгү эс алуу мезгили 5–9-ноябрь күндөрүнө белгиленгени кабарланган.

Количество просмотров: 166