• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Мектептеги даараткананын абалына даттанган окуучулар Жапаровго кайрылды. Мэрия маселе чечилгенин айтты

24 Жетинин айы 20259:31 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги №37 мектептин окуучулары президент Садыр Жапаровго кайрылып, мектептеги дааратканын абалы абдан начар экенин айтып, оңдоону өтүнүштү. Окуучулар президентти мектепке келип кетүүгө чакырышкан.

Алардын айтымында, беш кабинанын ичинен бирөө гана иштейт, терезелер ачык, раковинанын астынан суу токтобой агып турат.

Окуучулардын кайрылуусунан соң Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева Билим берүү департаменти, райондук администрация, мектеп жетекчилиги жана ата-энелер тобу менен биргеликте аталган мектепке барды.

«Текшерүү учурунда суунун агып кетиши бир күнгө созулганы жана канализациянын убактылуу бүтөлүп калышына байланыштуу экени аныкталды. Социалдык тармактарда тараган көйгөй бир айга созулганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт, муну окуучулар да, ата-энелер да тастыкташты. Төмөнкү маселелер чечилди:

  • Канализациянын бүтөлүп калышы тазаланды;
  • Эркектер дааратканасынын эшиктери калыбына келтирилди (алар мурда тез-тез бузулуп тургандыктан мурунку жетекчилик тарабынан алынып салынган);
  • Купуялуулукту камсыз кылуу үчүн дааратканалардын терезелерине глазурланган пленка чапталды», — деп жазылат маалыматта.
Количество просмотров: 140