Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келген Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды.
Маалыматта айтылгандай, Эмомали Рахмон КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын курмандыктарына арналган мемориалга гүлчамбар койду.
Мындан тышкары, Тажикстандын президенти көрүнүктүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл койду.