• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

«Ата-Бейитте» Апрель ыңкылабынын курмандыктары эскерилди

7 Чын куран 202610:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-апрелде мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев 2010-жылдагы Апрель окуяларында курман болгондордун элесин эскерди.

Ал 2010-жылдагы элдик Апрель революциясынын баатырларынын урматына арналган «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги мемориалга гүл койду. Ошондой эле аларга багышталып куран окулду.

Иш-чарага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башка расмий адамдар катышты.

Количество просмотров: 143