• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Эмомали Рахмон Ворух анклавына келет

7 Чын куран 2021 14:27 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн иш сапары менен Согд облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, президент аймактагы калк менен жолугуп, социалдык-экономикалык объектилердин ачылыштарына катышат. Мындан тышкары 10-апрелге чейин созула турган сапардын алкагында Рахмон Тажикстандын Исфара районуна караган, Кыргызстандын Баткен облусунун ичинде жайгашкан Ворух анклавына да барат деп күтүлүүдө.

Марттын аягында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз тарап Ворух анклавы боюнча Тажикстанга эки сунуш бергенин билдирген. Алар: кыргыз тарап Ворухтун аймагын ченейт жана мындан ары ал чоңойтулбайт. Ворухтан Тажикстанга каттоо үчүн пайдалануу максатында гана жол берилет. Ал жол Кыргызстандын Ак-Сай айылын айланып өтөт. Экинчиси – 12 миң гектардай аймакты түзгөн Ворух анклавын Кыргызстандын Лейлек же Баткен районунун башка жерлерине алмашуу. Бул билдирүү Тажикстанда кызуу талкуу жаратып, өлкөдөгү дээрлик бардык маалымат каражаттары бул темага кайрылышкан.

Буга расмий Дүйшөмбү жооп бере элек. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон коомдук талкууларга байланыштуу Ворухка бара жатканы кабарланган.

Количество просмотров: 89