• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Энергетика министри өлкөдө бардык майнинг фермалардын иши токтотулганын айтты

12 Жетинин айы 202513:55 Бишкек Govori.TV

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда бардык майнинг фермалардын иши токтотулганын билдирди. Бул тууралуу министр 24.kg маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

Ал коомчулукта “майнинг фермаларга электр энергиясын берип, элге болгон 5 кВт кубаттуулукту 3 кВтка чейин түшүрдү” деген сын-пикирлер айтылып жатканын мисал, кылып буларды кошумчалады.

“Бизде “Камбар-Ата-2” ГЭСинде жана “Быстровкада” (ред: көмөк чордону) эки майнинг ферма бар. Мен майнинг фермалар ишин токтотконун жоопкерчилик менен айтам. Эгерде ишенбесеңер журналисттерди да жиберсеңер болот”, — деди ал.

Количество просмотров: 163