• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Энергетика министрине талапкер Ибраев Ширшов менен иштешкенин айтты

6 Тогуздун айы 202217:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Маданият, Транспорт, Билим берүү жана Энергетика министрликтерине жетекчилердин талапкерлигин карап жатат. 

Жыйында депутат Дастан Бекешев энергетика министри кызматына талапкер Таалайбек Ибраевге “Сиз Алексей Ширшов менен иштешкенсизби?” деген суроо узатты.

Ал эми Таалайбек Ибраев суроого төмөндөгүдөй жооп кайтарды.

«Ооба, иштегем. Эмгек ишмердүүлүгүм Турдакун Усубалиевдин убагында башталган», — деди Таалайбек Ибраев.

Количество просмотров: 345