• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ЖК комитети Ибраевдин талапкерлигин карады

4 Тогуздун айы 2022 13:47 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин депутаттары бүгүн, 4-октябрдагы көчмө жыйынында энергетика министринин кызмат ордуна Ибраев Таалайбек Өмүкеевичтин талапкерлигин карады.

Талапкерди президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Комитет мүчөлөрү Ибраевдин алдында калкты жана экономиканын тармактарын электр жана жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча маанилүү милдеттер турганын айтышты.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү энергетика министри кызматына Таалайбек Ибраевдин талапкерлигин жактырышты.

Количество просмотров: 140