• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Энергетика министринин жаңы орун басары дайындалды

25 Жалган куран 202511:25 Бишкек Govori.TV

Ысманов Эмилбек Касымович энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Эске салсак, министрдин жаңы дайындалган орун басары буга чейин «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААКка караштуу Ош электр тармактар ишканасынын мурунку директору болчу.

Ал эми министрдин мурдагы орун басары Өмүрбеков Курсантбек Анарбекович «Электр станциялар» ААКтын башкы директору болуп дайындалган.

Количество просмотров: 201