Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 20-июлда өкмөттүн жарым жылдык ишин жыйынтыктаган жыйында айтты.
Анын айтымында, мындай чара көрүлбөсө энергетика тармагындагы дефицит көбөйөт.
«Өзгөчө кырдаал режимин президенттин жарлыгы менен жарыялоону сунуштайм. Быйыл электр энергиясына болгон таңкыстык 3 миллиард кВт/саат болсо, кийинки жылдары дагы өсөт. Мисалы, 2023-жылы 17 миллиард 200 миң кВт/саат болсо, 2026-жылы 19 милилард кВт/саат чейин жетет. Дефицит 5-6 милилард кВт/саатка барып калышы мүмкүн»,-деди Ибраев.