• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

ЕРӨБ Өзбекстанга 15 мектеп курууга грант берет

19 Бугу 2023 16:57 Бишкек Govori.TV

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Наманган жана Фергана облустарында эл аралык стандарттар боюнча 15 мектеп курууга грант берет. Бул тууралуу Өзбекстандын Билим берүү министрлиги билдирди.

Тиешелүү макулдашууга Самаркандда өткөн ЕРӨБдүн Башкаруучулар кеңешинин ар жылкы жыйынында кол коюлду.

Министрликтин маалыматына караганда, бул долбоордун жалпы баасы 55-75 миллион долларды түзөт.

16-18-май күндөрү ЕРӨБдүн Башкаруучулар кеңешинин Самарканд шаарында өткөн жыйынында бир катар келишимдерге кол коюлганы кабарланган. Аларга ылайык, банк Каракалпакстанда шамал электр станциясын куруу үчүн ACWA Power Wind Karatau компаниясына 19,3 миллион доллар, аэропортторду модернизациялоо үчүн Uzbekistan Airports компаниясына 28 миллион доллар насыя берет.

2017-жылдан бери ЕРӨБ Өзбекстандын экономикасына салган инвестициянын көлөмү 3 миллиард еврого жетти.

Количество просмотров: 99