Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Ливан жана анын жашоочулары геноцид саясатынын жаңы бутасы болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу «Анадолу» агенттиги кабарлады.
«Израилдин ырайымсыз чабуулунан кийин көп ливандыктар, анын ичинде балдар курман болду. Бир дагы абийири бар адам мындай массалык кыргынды кабыл алып, аны актай албайт. Израилдик өкмөт аны колдоп курал берген тараптарга таянып алып, барган сайын акылынан ажырап баратат, бардык адамзатка, гумандуу баалуулуктарга жана эл аралык укуктарга карап да койгон жок», — деп ал социалдык тармактарга жазды.
Түрк лидери Израилдин мындай аракетин тезинен токтотуп, анын Газа жана Рамалладагы «акылынан айныган» саясатын Ливанга жана башка аймактарга таратуусуна жол бербөө керектигин билдирди.
«Ислам дүйнөсү мындай чабуулдарга чечкиндүү жооп кайтарышы керек деп эсептейбиз. Түркия Ливандын өкмөтүн жана элин ушундай кыйын учурда колдойбуз. Израилдин Ливанга жасаган чабуулдарына каршымын. Чабуулда каза болгон ливандык бир туугандар үчүн Кудайдан ырайым сурайм, жарадар болгондор тезинен сакайып кетишсин», — деп жыйынтыктады Эрдоган.
Эскерте кетсек, «Хезболла» лидери Хасан Насралла курман болгон соң жана Нью-Йоркто Израиль өкмөт башчысы Нетаньяхунун билдирүүсүнөн кийин абал дагы курч бойдон калууда.