• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ереванда нааразылыкка чыккандар полиция менен кагылышты

5 Бугу 202217:03 Бишкек Govori.TV

Армениянын борбору Ереванда уланып жаткан нааразылык акциясынын катышуучулары 4-майда парламенттин имаратына кирүүгө аракет кылышты.

“Франция” аянтынан чыккандар Улуттук жыйынды көздөй полициянын коштоосунда келишкен. Алар имаратка кирүүгө аракет кылган учурда полиция кызматкерлери тосмо жасап, өткөргөн эмес.

Чогулгандар арасынан полицияны көздөй бөтөлкө ыргыткандар болду. Кеминде 40тай адам кармалды.

Армениядагы нааразылыктардын башталганына эки апта болду. 

Количество просмотров: 133