• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмун каржылоодон баш тартты

31 Жалган куран 202520:27 Бишкек Govori.TV

Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгына ЖККУну каржылоону караган документке кол койбой турганын кабарлады.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Ереван өзүнүн чечими тууралуу уюмга расмий кабарлаганын билдирди. Маалыматка караганда, сөз өлкөнүн былтыркы акчалай төлөмү тууралуу болуп жатат.

«Армения «ЖККУнун 2024-жылга бюджети жөнүндө» чечимге кол коюудан жана уюмдун ишмердүүлүгүн каржылоого катышуудан карманууда», — деп айтылат департаменттин билдирүүсүндө.

Тышкы иштер министрлиги ЖККУнун ички эрежелерине ылайык, уюмдун бюджети тууралуу маалымат коомчулукка жарыяланбашы керектигин белгиледи.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Армения 2025-жылдын аягына чейин ЖККУга болгон карызын төлөбөсө, ага карата түрдүү чаралар колдонуларын, бирок ал өлкөнү ЖККУдан чыгарууга жетпей турганын билдирген.

Өткөн аптада Армения парламенти өлкөнүн Евробиримдикке кошулуу процессин баштоо боюнча мыйзамды колдоп добуш берген. Бирок Брюсселден Арменияга сунуш азырынча түшө элек.

Количество просмотров: 163