• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Эркектик кылып төлөңүз!». Тюлеев Атамбаевге чыккан соттун чечими тууралуу

24 Кулжа 2020 18:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Тюлеев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, мурунку президент Алмазбек Атамбаевге карата чыгарылган соттун өкүмү тууралуу пикирин айтты.

Ал өз билдирүүсүндө Атамбаевге кайрылып, эркекчилик кылып салынган айыпты төлөп берүүгө чакырды.

«Атамбаевдин системасы өзүнө каршы колдонулду. Биринчи жолу жакындарынын да мүлкүн конфискация кылууну сиз колдонгонуңуз тууралуу мен эмес эксперттер Клара Сооронкулова жана Исхак Масалиев айтып жатат. Чынында мындай абалды мен душманыма да каалабайт элем. Убагында менин жакындарым сизге да кайрылып, маалымат каражаттарына кайрылууларды көп эле жасады. Мен президенттикке чейин тапкан мүлктү конфискациялоону туура эмес деп эсептейм.

Биз сиз менен бул тууралуу учакта да сүйлөшкөнбүз. Сизде баарын өзгөртүүгө ошол эле сот системасын жөндөө, мамлекеттик башкарууну, экономиканы оңдоого президенттиктин 6 жылы бар болчу. Бирок сиз аны башка нерселер менен алек болуп короттуңуз. Учурунда сиз баалап, барктаган адамдар өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн сизди калтырып кетишти. Натыйжада 20дай адамдын катыштыгы бар делген иште камакка сиз алындыңыз», — деп жазды ал.

Мындан тышкары Нариман Тюлеев өзүнө козголгон кылмыш иши тууралуу жазып, мыйзамсыз негизде айып салынганын айтат.

«Жакындарымдын мүлкү конфискацияланды. Жада калса менин мурунку аялымдын мүлкүнөн баштап балдарыма чоң атасы белекке берген мүлктөр камалды. Мындай нерсе эч бир мыйзамда жок. Качан мен сизге кайрылганымда «Нариман жөн эле төлөп кой анан чыгасың» деген жооп алгам. Анан мен төлөдүм, бирок сиз каалагандыктан эмес, а мени менен биргеликте шектелип кармалгандардын чыгуусу үчүн айыптарды төлөдүм. Сиз да эркектик кылып төлөп коюңуз. Сиз менен чогу башкалар да жабыркады», — деген Тюлеев.

Я не могу оценивать решение суда, я уже писал, что желаю Атамбаеву и его сподвижникам справедливого суда и вот суд…

Опубликовано Нариман Тюлеев Среда, 24 июня 2020 г.

Количество просмотров: 5104