Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Тюлеев колдоо иретинде Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгына жеке коргонуучу каражаттарды тапшырды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, дарыгерлердин коопсуз иштөөсү үчүн 1000 даана коргоочу костюм, 10 миң хирургиялык жана 5 миң медициналык беткап менен камсыздаган.
Шаардык мэрия дарыгерлердин жана эпидемиологдордун коопсуздугу үчүн бардык шарттарды түзөт. Шаардыктардын, жеке ишкерлердин, мындай оор мезгилде жардам берүүсү ошондой эле кайрымдуулук фонддордун колдоосу баа жеткис экенин белгилеп, Нариман Тюлеевге ыраазычылык билдирген.
Белгилей кетсек, буга чейин Тюлеев коронавирус менен күрөшүп жаткан медиктерге Бишкектен бир бөлмөлүү батир убадалаган болчу.