• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«ДСКдагы” санитардык бөлүктү толук каржылоону экс-мэр Нариман Тюлеев өз мойнуна алды

15 Теке 2020 12:53 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги түнкү стационарлар бейтаптарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, түнкү стационарлар 7-кичирайонундагы «ДСК» спорт комлексинде жана Фрунзе-Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Консул” ресторанында ачылган.

Түнкү стационарлар 220 керебетке эсептелген. “ДСКда” — 120 койка-орун, ал эми «Консулда» -100 койка-орун. Андагы медиктер эртең мененки саат 9:00гө чейин иштешет.

«ДСКдагы” санитардык бөлүктү толук каржылоону экс-мэр Нариман Тюлеев өз мойнуна алса, ал эми «Консул» ресторанынын ээси имаратты убактылуу пайдаланууга акысыз берген.

Кошумчалай кетсек, түнкү стационарлар күндүзгүдөн айырмаланып абалы оор бейтаптарды кабыл алат. Бул жакта медиктер министрлик тарабынан бекитилген алгоритм боюнча дарылап, асма укол коюп, зарыл болсо бейтапты кычкылтек концентраторуна кошот.

Количество просмотров: 122