• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти кызматтан кетти

18 Кулжа 2020 16:15 Бишкек Govori.TV

«Эркин Европа / Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай АКШнын глобалдык медиа боюнча агенттигинин жаңы жетекчиси Майкл Пактын чечими менен кызматтан алынганын билдирди. Ал мындай мазмундагы катын 18-июнда радионун кызматкерлерине жолдоду.

2019-жылдын август айында ишке киришкен Жейми Флай бул уюм менен узагыраак убакытка чогуу иштешүүгө үмүт артканын, радионун вице-президенти Дейзи Синделар жетекчинин милдетин аткаруучу болуп дайындалганын маалымдады.

«Associated Press» жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, Пак «Эркин Азия» радиосунун, Жакынкы Чыгыш боюнча берүүлөр түйүнүнүн, Кубага берүү тараткан кеңсенин жана «Ачык технологиялар фондунун» жетекчилерин да кызматтан алды. Бир нече күн мурда АКШнын глобалдык медиа боюнча агенттиги тескеген «Америка добушу» радиосунун директору жана анын орун басары да кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышкан.

«Associated Press» билдиргендей, эки апта мурда АКШнын глобалдык медиа боюнча агенттигинин жетекчиси болуп бекитилген Майкл Пак «Эркин Европа / Азаттык» радиосунун, «Эркин Азия» радиосунун, Жакынкы Чыгыш боюнча берүүлөр түйүнүнүн директорлор кеңештеринин бардык мүчөлөрүн алмаштырды.

Кызматтан алуу тууралуу чечимдердин алдында Майкл Пак АКШнын глобалдык медиа боюнча агенттигинин кызматкерлерине электрондук кат жолдоп, дүйнө жүзүндө көз карандысыз маалымат жана жаңылыктарды жеткирүү милдетин аркалап келе жаткан жогорудагы медиа уюмдардын өз алдынчалыгын камсыз кылууга дилгир экенин билдирди.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 92