• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Эрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткарат

24 Бирдин айы 202617:25 Бишкек Govori.TV

Эрлист Акунбеков Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Тиешелүү Жарлыкка президенти Садыр Жапаров кол койгон.

Маалымдалгандай, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Акунбеков Эрлист Абакировичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

Количество просмотров: 238